27-июнда күтүлгөн аба ырайы

Автор

27-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +34…+37,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,
Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +36…+38 градус ысык.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банктын төрагалыгына Мелис Тургунбаев шайланды

Жогорку Кеңеш бүгүн, 26-июндагы жыйынында Улуттук банктын төрагасы кызматына Мелис Тургунбаевди шайлады. Жыйында катталган 75 депутаттын баары анын талапкерлиги үчүн добуш беришти. Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен президент Садыр Жапаров Мелис Тургунбаевди 2023-жылдын мартынан бери иштеп келген жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошоткон. Мелис Тургунбаев 1982-жылы Ош […]

Сизге жагышы мүмкүн