27-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда күн күркүрөйт, жаан жаап, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында түндүн биринчи жарымында жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 13…15° жылуу болот.