27-августка карата аба ырайы

Автор

27-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30 градус ысыйт.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 29…31° ысык болот.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 25-августта күндүз 22,8°, 26-августта эртең менен 21,1° түздү.

Бөлүшүү:
Next Post

Окуучуларга аскердик курал колдонуу үйрөтүлөт

1-сентябрдан тартып, орус мектептеринде “Ата Мекенди коргоо жана коопсуздуктун негиздери” аттуу жаңы предмет киргизилет. Бул предмет мурдагы “Жашоо коопсуздугу” сабагын алмаштырат жана балдарды аскердик даярдыкка, курал колдонууга жана экстремизмге каршы күрөшүүгө үйрөтөт. Сабактарды көбүнчө Украинадагы согушка катышкандар окутат. Бул чечим Россиянын коопсуздугуна коркунучтар күчөгөндүктөн кабыл алынган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн