260 адам бараткан учактын кыймылдаткычы өрттөндү

Автор

Hainan Airlines авиакомпаниясынын учагы Италияда учуп чыккандан кийин өрттөндү. Римден Кытайдын Шэньчжэнь шаарына бараткан Boeing 787 учагында 249 жүргүнчү жана 16 экипаж мүчөсү болгон. Учуп чыккандан кийин учактын оң кыймылдаткычы күйүп кеткен. Учкучтар деңиздин үстүндө күйүүчү майын төгүп, кайрадан Фьюмичино аэропортуна кайтууга аргасыз болушкан.
Италиянын жээк коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, өрттүн себеби куш менен кагылышуудан улам чыккан. Кайтып келип конуу ийгиликтүү өткөн. ошондой эле Рим аэропортунда учактардын учуу жана конуу кыймылына эч кандай тоскоолдуктар болгон эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Он миңдей турак үйдүн документи берилет

Жер мунапысы боюнча Бишкекте он миңге жакын турак жайдын документи каралат. Мындай маалыматты архитектура курулуш жана турак жай, мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев таратты. “Бишкек шаардык архитектура менен шаар куруу департаменти биргеликте иш алып барып барышууда. Бишкек боюнча 13 жаңы конушта, Төкөлдөштө көйгөйлөр бар. Ал жакта курулуштун долбоору боюнча эмес, […]

Сизге жагышы мүмкүн