26-октябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 26-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.
Күндүз жаан жаашы күтүлөт.
Бийик тоолуу автожолдордо кар жаап, тоңголок болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу түнкүсүн +3…+8, күндүз +9…+14
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +8…+13
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15
Нарын жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8°, күндүз +11…+13° жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Каныбек Туманбаев: “Бишкек шаарында жаңы автобекет курула баштады”

Бишкек шаарында жаңы автобекет курулууда. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, ага чейин Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу пайдаланып турууга автобекет даярдаган. “Урматтуу туугандар, Бишкек шаарынын жашоочулары. Биз жаңы автобекетти куруп баштадык, ага чейин убактылуу пайдаланып турууга автобекет мэрия даярдаган. Эки күндөн бери […]

Сизге жагышы мүмкүн