Эртең, 26-октябрда өлкөнүн айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 18…20° жылуу болот.