Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 26-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорундаөткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39,
Таласта түнкүсүн +14…+19, күндүз +33…+38,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34,
Нарын дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +30…+35,
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +23…+25, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.