26-августта өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35,
Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 20…25,
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26,
Бишкекте түнкүсүн 19…21, күндүз 33…35 градус болот.