255 миңге жакын үй жарыксыз калды

Автор

Күчтүү «Шаньшань» тайфуну Япониянын Кюсю аралындагы Кагосима префектурасына чыгып, жээкке жетти. Япониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Йошимаса Хаяши билдиргендей, Айти префектурасында шамалдан үч киши көз жумса, бирөө дайынсыз.
Кюсюдагы жети префектурадагы 255 миңге жакын турак жай жарыксыз калды. 29-августта, жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө Сацумасендай шаарынын аймагында чыккан. Синоптиктердин маалыматы боюнча шамалдын туруктуу ылдамдыгы саатына 144 чакырымга жетүүдө.
Кээ бир шаарларында сел жана жер көчкүлөрдүн коркунучуна байланыштуу эвакуация буйруктары жарыяланган.
Япониянын ири авиакомпаниялары Кюсю аралына жакындаган жүздөгөн каттамдарды токтотушту.

Бөлүшүү:
Next Post

Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: билеттер канча турат?

Астанада 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана бардык мелдештерге билеттерди сатуу жүрүүдө. Оюндардын ачылыш аземи 8-сентябрда “Астана Арена” стадионунда болот. Билеттер 15 000 миңден 50 000 миң теңгеге чейинки баада сатылууда. Оюндардын программасына спорттун 21 түрү кирет. Мелдештерге билеттердин орточо баасы 3600 теңге. Маселен, […]

Сизге жагышы мүмкүн