25-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 25-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24.
Бишкекте күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+26 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Ажылык-2025: Сауд Арабия Кыргызстанга 6000 квота бөлдү

Сауд Арабиянын Ажылык жана умра министрлиги Кыргызстанга 2025-жылдагы ажылык үчүн 6000 квота бөлдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда ажылык сапарын уюштуруу боюнча атайын штаб түзүлүп, кызуу иш алып барууда. Эскерте кетсек, Сауд Арабия 2024-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6060 квота берген. Ажылык сапардын чыгымы 3750 долларды түзгөн. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн