25-майга карата аба ырайы

Автор

25-майда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,
Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 21…26,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23,
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23,
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 22…24° болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү

Бүгүн, 25 майда Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү белгиленет. Бул датаны БУУнун Башкы ассамблеясы жарыялады. Маалыматка ылайык, 25-май Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү катары тандалган. Себеби 2024-жылы ушул датадан бери бардык аймактардын өкүлдөрү катышкан биринчи эл аралык футбол турниринин өткөнүнө 100 жыл толот. Бул мелдеш 1924-жылы Парижде өткөн Олимпиадада өткөн. Буга чейин […]

Сизге жагышы мүмкүн