25 жашка чейинки украиналыктарды мобилизациялоого тыюу салынды

Автор

Украинанын Жогорку Радасы 18ден 25 жашка чейинки кээ бир украиналыктарды мобилизациядан бошотуучу мыйзамды кабыл алды. Бул тууралуу Раданын депутаты Алексей Гончаренко билдирди. Мыйзамды кабыл алуу үчүн 9-октябрдагы жыйында 311 депутат добуш берген.
Мыйзам саламаттыгына байланыштуу тынч мезгилде аскердик кызматка жараксыз жана согуш учурунда чектелүү түрдө жарактуу деп табылган аскерге милдеттүүлөргө карата кабыл алынган. Аскердик абал учурунда жана 25 жашка чыкканга чейин мындай украиналыктарды алардын макулдугу менен гана мобилизациялоого болот.

Бөлүшүү:
Next Post

«Хезболла» Израилдин аймагына 360 снаряд атты

Ливандын “Хезболла” кыймылы Израиль тарапка 360 снаряд атканын Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) өзүнүн телеграм-каналында маалымдады. Маалыматка ылайык, 220 снаряд Израилдин аймагына тийген. “Бүгүнкү күндө 9-октябрда саат 23:00гө карата Ливандан “Хезболла” террордук уюму тарабынан атылган болжол менен 220 снаряд Израилге тийген. Жалпысынан “Хезболла” Израилдин аймагына 360 снаряд аткан”,-деп билдирет аскерлер. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн