25-апрелге карата аба ырайы

Автор

25-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 12…14°, күндүз 21…23 градус жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия кубогу: Футзалчылар чейрек финалда Иранга утулду

Кыргызстандын Футзал боюнча улуттук курамасы Азия кубогунун чейрек финалында 1-6 эсебинде Иранга жеңилди. Беттеш Таиланддын Бангкок шаарындагы «Бангкок Арена» стадионунда болуп өттү. Муну менен Ирандын командасы Азия кубогунун жарым финалына чыгып, аны менен кошо ушул жылдын сентябрда Ташкентте өтө турган футзал боюнча дүйнө чемпионатына жолдомо алды. Белгилей кетсек, эгерде бүгүн […]

Сизге жагышы мүмкүн