Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 24-январда маал-маал менен кар, айрым жерлерде жаан-чачын жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9,Талас жергесинде түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6,Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2,Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…-9,Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндуз -7…-12.
Бишкек шаарында түнкүсүн ала булут каптайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -17…-19, күндүз -4…-6 суук болот.