24-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 24-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн, калган жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +26…+28 градус болот.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн