24-октябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 24-октябрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаап, түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлеринде туман түшөт.
Күндүз Ош облусунун көпчүлүк аймагында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +6…+11,
Талас облусунда түнкүсүн 0… +5, күндүз +5 … +10,
Баткенде түнкүсүн +3… +8, күндүз +14…+19,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4… +9, күндүз +15…+20,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1… +4, күндүз +9 … +14,
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +8 …+13.
Бишкекте жаан жаашы мүмкүн, эртең менен жана түнкүсүн туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +8…+10 градус болот.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн