Эртең, 24-майда Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17,
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +20…+22 градус болот.