Түркиянын президентинин толук аты-жөнү окшош 24 жаштагы Режеп Тайып Эрдоган 14-майда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырды.
24 жаштагы талапкер парламенттик шайлоого Невшехир провинциясынан катталган. Жигиттин айтымында, анын аты-жөнү президент менен бир болгонунан улам жердештери тилектеш болгон.
“Атам менин ысымымды Режеп Тайып койгон, анткени ал биздин президентти абдан жакшы көрчү жана ушул абал аркылуу президентибизге сүйүүсүн көрсөткүсү келген”,-деди ал.