24-декабрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 24-декабрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгалак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…+5,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз +2…+7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -1…-6.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз +1…+3 градус жылуу.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн