24-апрелдеги аба ырайы

Автор

24-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Ал эми күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21… +26,
Талас жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… +15, күндүз +23…+28,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5… +10, күндүз +16…+22,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз + 16…+21.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+26 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Көк-бөрү Астанада өтчү бешинчи Көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилди

Көк бөрү бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына киргизилди. Бул тууралуу КР Көк-бөрү федерациясынан билдиришти. Маселе Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин жакында Астанада өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында чечилгендиги айтылды. Эске сала кетсек, буга чейин Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары көк-бөрү менен кыргыз күрөшүн расмий спорттук программага киргизген эмес. Оюндар көргөзмө сынактардын тизмесине киргизилген. […]

Сизге жагышы мүмкүн