Эртең, 23-сентябрда өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16,
Нарында түнкүсүн үшүк түшөт, +1…+6, күндүз +11…+16.
Бишкекте түнкүсүн +6…+8, күндүз +19…+21.