23-октябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 23-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Бийик тоолуу унаа жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурларда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +7…+12,
Талас облусунда түнкүсүн +3… +8, күндүз +6 … +11,
Баткенде түнкүсүн +7… +12, күндүз +12…+17,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8… +13, күндүз +13…+18,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1… +6, күндүз +14 … +19,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +12 …+17.
Бишкекте жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +10…+12 градус болот.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн