23-ноябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 23-ноябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда карга айланат. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5,
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 6…8 градус болот.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн