23-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт. Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24,
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20,
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22.
Бишкекте түнкүсүн +13…+15, күндүз +19…+21 градус болот.