23-майга карата аба ырайы

Автор

Эртең, 23-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23,
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25.
Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүзгү +20…+22 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Дзюдочу Эрлан Шеров дүйнө чемпионатында коло утту

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло утту. 90 кг салмакта күч сынашкан Эрлан Шеров жарым финалга чейин жетип, финалга чыгуу үчүн япониялык Гоки Тадзима менен кез келген. Бирок жеңилүү ызасын тартып калып, коло үчүн күрөшө турган болгон. Үчүнчү орун үчүн кармашта Шеров […]

Сизге жагышы мүмкүн