23-августка карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидрометтин билдиришинче, 23-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде күндүз 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу түнкүсүн +14… + 19, күндүз +29… + 34,
Талас облусу түнкүсүн +9… + 14, күндүз +24 … +29,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +15… + 20, күндүз +29… + 34,
Ысык-Көл облусу түнкүсүн +11… + 16, күндүз +21…+26,
Нарын облусу түнкүсүн +8… + 13, күндүз + 22 … +27.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +31…+33 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Палестинанын президентин Газага киргизбей жатканы маалымдалды

Палестин бийликтери Израил Махмуд Аббастын Газага баруусуна жолтоо болуп жатканын айтууда. Президенттин эл аралык байланыштар боюнча кеңешчиси Рияд аль-Малики билдиргендей, палестин бийлиги уруксат сураган эмес, бирок анын сапары жарыялангандан кийин Израилден жооп келген. “Бул Газа Израилдин аскердик оккупациясы астында экенин гана билдирет. Бирок биз президенти Палестин аймагынын каалаган бөлүгүнө баруу […]

Сизге жагышы мүмкүн