22-октябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 22-октябрга караган түнү жаан-чачын болбойт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Бийик тоолуу унаа жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18,
Талас облусунда түнкүсүн +3… +8, күндүз +12 … +17,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6… +11, күндүз +18…+23,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1… +6, күндүз +14 … +19,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +14 …+19.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +16…+18 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Айсулуу Тыныбекова Кыз-келиндер күрөшү федерациясынын вице-президенти болуп шайланды

“Кыргызстандын Күрөш федерациясы” коомдук бирикмесинин кезексиз шайлоо жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага федерациянын мүчөлөрү, ошондой эле Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучулары жана калыстар тобу катышты. Жыйындын жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова федерациянын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенттик кызматына шайланды. Тыныбекова өз сөзүндө өлкөдө кыз-келиндер күрөшүн […]

Сизге жагышы мүмкүн