22-майга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидрометтин билдиришинче,Эртең, 22-майга караган түнү Чүй облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
Кыргызгидрометтин билдиришинче, күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20,
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүзгү +20…+22 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Эржан Акылбек уулу таяк тартыш боюнча Азия чемпиону болду

ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн батальонунун кызматкери Эржан Акылбек уулу таяк тартыш боюнча Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 15-19-май күндөрү Өзбекстандын Нукус шаарында болуп өттү. Азия чемпиону болгон милиция кызматкерин 20-майда ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май […]

Сизге жагышы мүмкүн