21-сентябрда күндүзү Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;
Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5.
Бишкекте эртең менен жана күндүз жаан-чачын жаабайт, кечке жуук жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 20…22 градус болот.