21-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 21-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, түнкүсүн бийик тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт.
Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +27…+29 градус болот.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн