Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 21-октябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;
Таласөрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндуз 15…20.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 20…22 градус жылуу болот.