21-ноябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 21-ноябрга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, жаан жаайт, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.
Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +4…+9,

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5.

Бишкекте жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +6…+8 градус жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Республикалык сынакта жеңген мугалимдердин тизмеси. Батир жана 300 миң сом

Бүгүн “Ынтымак Ордо” резиденциясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык сынакта жеңүүчү аталган мыкты мугалимдерге жана тарбиячыларга батирдин жана акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды. Сынактын жыйынтыгы боюнча “Жылдын мыкты мугалими” жана батирдин сертификатынын ээси ОшМУнун “Билим” лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова болду. “Жылдын мыкты тарбиячысы” Махабат Калмаматовага 300 миң сомдун сертификаты тапшырылды. […]

Сизге жагышы мүмкүн