21-августка карата аба ырайы

Автор

Кыргызстанда 21-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күңдүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27 жылыйт.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 30…32° жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин террорчулар басып алган мектепке барды

Россиянын Президенти Владимир Путин Түндүк Осетиядагы Беслан шаарына келип, «Периштелер шаары» мемориалдык комплексине барды. Аталган комплекс террористтер тарабынан 2004-жылы №1 мектепте жасалган терактта курман болгондордун сөөктөрү жашырылган жер. Путин көрүстөнгө гүл коюп, мектептин өзүнө барды. Быйыл сентябрда Бесландагы теракттын болгондугуна 20 жыл толот. 1-сентябрда террористтер мектепти басып алган учурда 334 […]

Сизге жагышы мүмкүн