2050-жылга чейин ичүүчү суунун тартыштыгы күчөйт

Автор

Европалык климатологдор 2050-жылга чейин глобалдык деңгээлде ичүүчү суунун тартыштыгы күчөшү мүмкүн экенин болжолдошууда. Иликтөөнүн жүрүшүндө адистер дүйнө жүзү боюнча 10 миң дарыянын жана башка суу объектилеринин абалын карап чыгышкан. Алардын үчтөн бир бөлүгү кылымдын ортосуна чейин адам колдонууга жараксыз болуп калат. Буга азоттук жер семирткичтерден булгануу себеп болот. Натыйжада калктын 91 пайыздан ашыгы таза сууга жетүүдө үзгүлтүккө учурайт.
Окумуштуулар белгилегендей, көйгөй негизинен Жакынкы Чыгыш, Түштүк жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнө, ошондой эле Түндүк Африка менен Европага таасирин тийгизет.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандыктар пенсиянын топтолгон бөлүгүн турак жай сатып алууда колдоно алат

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына кол койду. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 21-декабрында кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты 2 пайыз өлчөмүндө топтолмо пенсиялык фонддун каражаттарын колдонуу […]

Сизге жагышы мүмкүн