Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2034-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты Сауд Арабияда өтөөрүн жарыялады. Мындай чечим онлайн өтүп жаткан ФИФА конгрессинде жактырылды.
Федерация өкүлдөрү 2026-жылы дүйнө чемпионатын АКШ, Канада жана Мексика, 2030-жылы Испания, Португалия жана Мароккодо, 2034-жылы Сауд Арабияда өтөөрүн тактады. ФИФАнын президенти Жанни Инфантино бул чечимди “биримдиктин укмуштуу кабары” жана дүйнөнү футбол аркылуу бириктирүү каалоосу деп атады.
Белгилей кетсек, Сауд Аравиянын арызы алгач турнирди өткөрүүгө ыңгайсыз климат жана штаттагы адам укуктарынын бузулушуна көңүл буруп, сынга алынган. Ошол эле учурда өлкө 2034-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүгө жалгыз талапкер болуп калды.