2030-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты бир нече өлкөдө өтөт. Бул тууралуу “Чемпионат” басылмасы жазууда.
Маалыматка ылайык, турнир Аргентина, Испания, Португалия, Уругвай, Парагвай жана Мароккодо өтөт.
Бүгүн ФИФАнын кеңешинин жыйынында дүйнөлүк чемпионатты уюштурууга арыз берген бардык өлкөлөрдө турнирдин беттештерин өткөрүү чечими кабыл алынды.
Түштүк Америкада үч оюн болот. Ачылыш оюну бул өлкөнүн курама командасы ойной турган Уругвайда пландалган. Ошондой эле Аргентина менен Парагвайдын курама командалары тайпалык баскычтын алгачкы оюндарын өз аймагында өткөрөт.