2028-жылы футбол боюнча Европа чемпионаты Улуу Британия менен Ирландияда өтөт

Автор

2028-жылы футбол боюнча Европа чемпионаты Улуу Британия менен Ирландияда өтөт. Бул тууралуу Швейцариянын Ньон шаарындагы Европалык футбол ассоциацияларынын биримдигинин (УЕФА) штаб-квартирасында өткөн жыйынында  айтылды.

 

— Арыз бергендерди куттуктагым келет. 2028-жылкы Европа чемпионатынын кожоюну Улуу Британия менен Ирландия болорун УЕФАнын башчысы Александр Чеферин билдирди.

 

Өткөн жылдын ноябрында УЕФА Евро-2028ди өткөрүү укугуна Англия, Түндүк Ирландия, Ирландия, Шотландия жана Уэльстин футбол ассоциацияларынан алдын ала арыз документтери алганын ырастады. Турнирди өткөрүү укугу үчүн арыз Түркия тарабынан берилип, ал дагы 2032-жылкы Европа чемпиондугуна ат салышууга чечим чыгарган. Июль айында УЕФА Италиянын Футбол федерациясынан (FIGC) жана Түркиянын футбол федерациясынан (TFF) Евро 2032ди өткөрүү үчүн жеке сунуштарын бир биргелешкен тендерге бириктирүү өтүнүчүн алганын жарыялаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Абактагы Мадумаровдун абалы айтылды

Камактагы саясатчы Адахан Мадумаровдун иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу  маалымат жыйында Мадумаровдун жактоочусу Ольга Жукова билдирди. Мындан сырткары ал 15 томдон турган иштин материалдары менен толук кандуу таанышууга тергөөчү уруксат бербегенин кошумчалады. Дагы бир жактоочу Кубанычбек Туманов Мадумаровдун ден соолугу боюнча маалымат берип, анын жүрөгүнө стент койдуруу керектигин […]

Сизге жагышы мүмкүн