Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный украин аскерлери ийгиликсиз болгон контрчабуулунан кийин 2024-жылы “натыйжалуу” аракеттене аларын билдирди.
Анын айтымында, жаңы жыл аскердик стратегия боюнча азыркыдан айырмаланат. «Биз көйгөйлөрдү таптык жана бул маселелердин 90% чечүү жолдорун таптык»,-деди башкы командачы. Бул аракеттер батыш өнөктөштөрү менен макулдашылганын белгиледи.
“Маринка шаары мындан ары жок”,-деген
Залужный Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин армия командачылыгынын 500 миң кишини мобилизациялоо өтүнүчү боюнча айткан сөздөрүн четке какты.