2024-жылы бюджеттин кирешеси 378 млрд сом болору күтүлүүдө

Автор

2024-жылга мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 378 млрд 437,9 млн сом суммасында каралууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Руслан Сүйналиев билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 2024-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы суммасы финансылык активдерди эсепке албаганда 358 млрд 794,4 млн сом өлчөмүндө белгиленет. 2024-жылга республикалык бюджеттин профицити 19 643,5 млн сомду же ИДПга карата 1,6%ды түзөт

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети “КР 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж – 2024: Өкмөт Олимпиада оюндарына катышуу үчүн 100 млн сом бөлөт

Жогорку Кеӊештин Социалдык саясат комитети “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. Жыйында депутат Шайлообек Атазов спорт тармагына бюджетти бекитүүдө 2024-жылы Парижде Олимпиада оюндарына керектүү каражатты кечиктирбей бөлүп берүүнү айтты. Ал эми  министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев 2024-жылы өтө […]

Сизге жагышы мүмкүн