2024-жылдын январь айы тарыхтагы эң ысык болгон. Европа Биримдигинин Copernicus аталышындагы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү кызматынын эксперттери дүйнөдө кыштын экинчи айы рекорддук деңгээлде жылуу болгонун билдирди.
Климатологдордун айтымында, буга чейинки максимум 2020-жылы катталган.
Окумуштуулар адамзатты атмосферага парник газдарынын чыгарылышын азайтуу боюнча аракеттерди күчөтүүгө чакырышты. Бул планетаны глобалдык жылуулуктан жана анын катастрофалык кесепеттеринен сактап кала турган жалгыз жагдай.