Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйыны болуп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Жыйында министрликтин былтыркы жылдагы иштеринин жыйынтыгы жана 2024-жылга карата пландары талкууланды.
Акылбек Жапаров маалымдагандай, 2,5 жылдын ичинде маданият тармагына бөлүнгөн каражат үч эсеге көбөйүп, 2023-жылы 7,3 миллиард сомду түзгөн. Ал эми спорт тармагына бөлүнгөн бюджет 4 эсеге көбөйүп, 2023-жылы 1,7 миллиард сомду түзгөн.