2023-жылдын ноябрында жер бетинин орточо температурасы 14,22 градус болгон рекорддук эң жылуу ай болду, бул 2020-жылдагы мурунку рекорддон 0,32 градуска жогору деп жазды РИА Новости.
Буга чейин БУУнун Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюму (WMO) 2023-жыл акыркы айларда температуранын “көп сандаган” рекорддору бузулуп, рекорддук эң жылуу жыл болуу жолунда экенин билдирген.