Кыргызстанда жалпы 202 мамлекеттик кызматкер кызмат ордунан бошотулат. Алардын 62 си Камчы Көлбаевдин, 90 Раим Матраимовдун кадрлары. Андан сырткары аларга таандык делген 50 кызматкер Мамлекеттик Бажы тармагында эмгектенээри аныкталган. Мындай маалыматты УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кемин райондук өзгөчө кызматтын жаңыдан салынып бүтүрүлгөн имаратынын ачылышында билдирип, мындан ары өлкөдө Көлбаевдин, Матраимовдун мафиясы болбойт деп айтты. “Эгер Матраимов Кыргызстанда жашайм десе, матиз минип жүрүшү керек”,- деген ал.