Нью-Йорк университетинин археологиялык экспедициясы Египетте Птолемей дооруна таандык 2000ден ашык мумияланган кочкор башын табышкан. Алар Абидостогу падыша Рамсес IIнин храмында казылган.
Экспедиция мумияланган кочкор баштарынан тышкары, кой, ит, жапайы эчки, уй, кийик сыяктуу бир нече жаныбарлардын калдыктарын табышкан.
Окумуштуулар табылганы Байыркы Египеттин тарыхын жана маданиятын түшүнүүгө зор салым кошорун, ошол доордогу элдин үрп-адатын жана ишенимдерин жарыкка чыгарарын белгилешүүдө.