20-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Эртең, 20-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактардын тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 26…28° жылуу болот.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн