20-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 20-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +14…+19,

 

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17,

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +15…+20,

 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +11…+16,

 

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +11…+16.

 

Бишкекте шаарында түнкүсүн 8…10, күндүз 16…18 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Азербайжан тарап армян куралдуу түзүмдөрү куралын таштаса сүйлөшөөрүн билдирди

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин администрациясы азербайжан тараптын Тоолуу Карабакта мыйзамсыз армян куралдуу түзүмдөрү куралын таштаса армян калкынын өкүлдөрү менен Евлах шаарында жолугушууга даяр экенин билдирди. Азербайжандын президентинин администрациясы бир нече жолу Карабак аймагында жашаган армян калкынын өкүлдөрүн диалогго чакырган. “Бирок алар ар дайым баш тартышты”,-деп айтылат билдирүүдө. Буга чейин таанылбаган […]

Сизге жагышы мүмкүн