20 жүргүнчүсү бар автобус сууга кулап, көз жумгандардын саны 7ге жетти

Автор

Россиянын Санкт-Петербург шаарында өзгөчө кырдаалдын кесепетинен көз жумгандардын саны жети кишиге жетти. Орус басылмалары өзгөчө кырдаал учурунда автобуста 20 адам болгонун жазышты. Алгач үч адам каза болгону кабарланган. Бирок кийинчерээк Россия Федерациясынын Тергөө комитети маалыматты жаңылады.
Шаардык транспорт комитети 10-майда Такси компаниясынын автобусунун айдоочусу Большая Морская көчөсүнөн көпүрөгө бурулуп бара жатып рулду башкара албай калганын билдирген. Унаа айланып, автобус тосмодон өтүп сууга кулап түшкөн. Айдоочу кармалып, окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү:
Next Post

Гемотоген деген эмне?

Гемотоген деген эмне? Гемотоген – темирге бай тамак-аш кошулмасы, ал адатта гемоглобиндин деңгээлин жакшыртуу жана аз кандуулуктун алдын алуу үчүн колдонулат. Ал көбүнчө энергия жана азык булагы катары колдонулат, айрыкча физикалык же психикалык стресс күчөгөн мезгилде. Гемотогендин курамында адатта кант, какао, кургатылган жемиштер жана башка ингредиенттер бар, бул аны даамдуу […]

Сизге жагышы мүмкүн