20-августка карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 20-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Күңдүз Ысык-Көл, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүүдө.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетсе, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27 градус жылыйт.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +30…+32 ысыйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын тайбокс курамасы Дүйнө чемпиондугунда 5 медаль жеңди

Кыргызстандын тайбокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 5 медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт депеартаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен экөө алтын, бирөө күмүш жана экөө коло медаль. Кыз-келиндер арасында Аделя Асылбек кызы (60 кг) жана Милана Шихшабекова (51 кг) алтын […]

Сизге жагышы мүмкүн