2-октябрда күтүлгөн аба ырайы

Автор

2-октябрда түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда кар түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 21…23° жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Иран тарап Израилдин аскердик жайлары бутага алынганын билдирди

Иран Израилдин аскердик объектилерине гана ракеталык сокку урду. Бул тууралуу Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирди. “Жөнөкөй тынч жарандарды жана жарандык инфраструктура объектилерин ар дайым мыйзамдуу максат деп эсептеген Израилден айырмаланып, Иран коргонуу максатындагы ракеталык соккуларды аскердик объектилерге гана жасады”,-деп айтылат өлкөнүн ТИМи жарыялаган билдирүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн