2-ноябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 2-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана түшкө чейин Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Бийик тоолуу аймактардагы жолдо тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте социалдык маанилүү азык-түлүк азыктарынын жарманкеси өтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте 2-3-ноябрда социалдык маанилүү азык-түлүк продукциясы жана керектелүүчү товарлардын жарманкесин уюштурат. Ведомстводон маалымдашкандай, жарманкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп […]

Сизге жагышы мүмкүн